Күйөөсүн балка менен уруп өлтүргөн аял милицияга өзү келди

Автор -
260

Чүй облусунун Кемин районунда күйөөсүн өлтүрүп алган аял милицияга өзү келди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча адам өлтүрүү Кеминдеги көчөлөрдүн бириндеги үйдө 9-февралдан 10-февралга караган түнү болгон. Анда жубайлар досторуна барып келгенден кийин үйгө келип урушушкан. Натыйжада аял күйөөсүн башка балка менен бир нече жолу уруп, күйөөсү алган жаракатынан улам ошол жерден көз жумган.

Аял жасаган кылмышын толугу менен моюнуна алган. Учурда ал бул ишке эмне себептен барганы териштирилип жатат. Аталган факты Кемин РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалардын топтому дайындалып тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Маркум 53 жашта болгон, ал эми кылмышка шектүү аял 45 жашта.

Бөлүшүү