Муфтий Максатбек ажы Токтомушев УКМК тарабынан камакка алынды

Автор -
3427

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Максатбек Токтомушев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бүгүн, 10-февралда күндүз УКМК Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар ажыга баруу үчүн төккөн акчанын 100 миллион сомдон ашуунун жеке каржы мекемелерине процентке берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алып, өздүк максаттарына жумшап жүрүшкөнү аныкталганын жазган.

Бул каржылык операциялары ачыкка чыгып калган соң Муфтияттын жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашыруу жана кошумча тергөө иштерин токтотууну суранып, 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

9-февралда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси Ж.Б. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы менен кармалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы маалымдалган.

«Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий Максатбек  Токтомушевдин ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды
пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар экени жөнүндө далилдер алынды. Алынган далилдердин негизинде 2021-жылдын 10-февралында муфтий кылмышка шектүү катары кармалып жана УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы фактылар боюнча тергөө улантылууда, анын жыйынтыгы боюнча бардык кылмыш ишине тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилип, ал жөнүндө коомчулукка маалымдалмакчы.

Бөлүшүү