Ошто кримтөбөл Женгону кармоо аракети көрүлүүдө (фото)

Автор -
211

Женго каймана аттуу кримтөбөлдүн турган жерин аныктоо үчүн «Перехват» планы жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 10-февралында УКМК Ош шаарында жана Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топко каршы туруу иштеринин алкагында издөөдө жүргөн Женго каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновду кармоо боюнча атайын издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Бир катар даректерди текшерүүнүн жыйынтыгында Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен тергөөдөн качып жүргөн Досоновго тиешелүү жеке буюмдар, гигиена каражаттары, чөнтөк телефондор табылды. Ошондой эле тыюу салынган предметтер, анын арасында баңгизаттары дагы аныкталды.

Учурда Кадыр Досоновдун турган жерин аныктоо жана кармоо үчүн ИИМ органдары менен биргеликте «Перехват» планы жарыяланды.