Кыргызстанда 11-февралга карата COVID-19 илдетинин 75 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
- Бишкек — 32
- Ош — 1
- Чүй облусу – 17
- Ош облусу — 4
- Талас облусу — 2
- Нарын облусу — 2
- Ысык-Көл облусу – 11
- Жалал-Абад облусу – 4
- Баткен облусу — 2.
Ушуну менен Кыргызстанда бул вируска кабылгандардын жалпы саны 85 328 адамды түздү. Анын ичинен 82 006 адам айыгып чыкты. 1437 адам каза тапты.