ГЭС-2 айылында газ түтүгү жарылып, бир өспүрүм каза тапты

Автор -

Чүй облусунун Аламүдүн районунда турак үйдө газ түтүгү жарылып кетти. ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, окуя бүгүн, 11-февралда ГЭС-2 айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан турак үйдө орун алды.

Кырсыктан 14 жаштагы Д.Ж. аттуу бала каза таап, бир киши жаракат алганы айтылууда. Окуя болгон жерге саат 15:00д куткаруучулар, беш мүнөттөн кийин газ кызматынан бригада келген.

Kaktus.media басылмасы дарыгерлерге таянып, өспүрүм бала кырсык болгон жерден эмес, ооруканадан үзүлгөнүн жазды. Маалыматка караганда, эки жабырлануучу тең ооруканага жеткирилген. Баланы шашылыш операцияга киргизишкен, бирок ал операция учурунда жан берген. Өспүрүмдүн сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Экинчи жабырлануучу учурда операция болуп жатканы айтылды.

 

Бөлүшүү