УКМК Турак-жай жана жарандык курулуш департаментинин башчысын кармады

Автор -

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы Архитектура, курулуш жана коммуналдык-турак жай мамлекеттик агенттигиндеги коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кызмат адамдары социалдык объектилерди курууда алдын ала сүйлөшүп алган компаниялар менен келишим түзгөн.

«Жогоруда аталган агенттикке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин кызмат адамдары жеке курулуш компанияларына мамлекеттик заказдарды аткарууга мүмкүнчүлүк түзүп берип, алардан акча алып турган. Тергөө амалдарынын натыйжасында курулуш компанияларынын биринин өкүлдөрү агенттиктин жетекчилик кызматтагы адамдарына 1 миллион 400 миң сом бергени аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам жүргүзүлгөн аракеттердин негизинде Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору А.А.К. жана аталган департаменттин алдындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу координациялык тобунун Э.Р.К. аттуу директору кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бөлүшүү