Муфтияттын башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиев эки айга камакка алынды

Автор -

Муфтияттын башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиев эки айга камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн,12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, Бекиев 10-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалат.

10-февралда УКМК Муфтият зыяратчылар ажыга баруу үчүн төккөн акчанын 100 миллион сомун жеке банктарга процентке берип, айлантып жүргөнү аныкталганын, кыңыр ишин жашыруу үчүн Муфтият жетекчилиги УКМК кызматкерлерине 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаганын маалымдаган. Коопсуздук кызматы башкармалыктын башкы эсепчиси Бекиевди «Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү» беренеси менен кармап, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизген.

Ошол эле күнү муфтийлик кызматта турган Максатбек Токтомушев бул ишке катышы бар деген шек менен кармалган.

12-февралга караган түнү Биринчи май райондук соту Токтомушевди сыртка чыкпоо тил каты менен бошоткон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү