Максат Токтомушев үй камагына чыгарылды

Автор -

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралдан он экисине караган түнү экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Токтомушевдин адвокаты Нурбек Сыдыков соттук отурумдан чыккандан кийин журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, экс-муфтий жашаган жеринен башка аймакка чыкпоого милдеттендирилди.

Нурбек Сыдыков отурумда Токтомушев өзүнө коюлган айыптарды төгүндөп, аны «чагым» деп атаганын билдирди.

Эскерте кетсек, Максат Токтомушев сүткорлукка шектелүүдө. УКМК Муфтият жетекчилиги зыяратка баруу үчүн акча төккөндөрдүн каражатын процент менен банктарга берип, андан ай сайын түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгына жумшап келгени такталганын маалымдаган. Бул ишке Максат ажы Токтомушевдин катыштыгы бар экени тууралуу далилдер алынганын билдирген.

Бөлүшүү