Бишкекке асма көпүрөлөрдү куруу пландалууда

Автор -

Бишкек шаарында жол тыгындарын азайтуунун бир гана жолу бар, ал — асма көпүрөлөрдү куруу. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жолдор боюнча бөлүм башчысы Темир Мамашов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, асма көпүрөлөрдү Бах жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишине, Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишине жана башка жерлерге салуу максатталууда.

«Борбор калаанын көчөлөрү 50 миң автоунаага ылайыкталган. Бирок учурда 500 миңге чукул унаа бар. Жол тыгындарын жоюу үчүн жолду 10 эсе кеңейте албайбыз. Ошондуктан чоң кесилиштерге көпүрө салышыбыз кажет», — дейт Мамашов.

Маалыматка ылайык, Жайыл баатыр көчөсүндө шаардын четине чейин 6 тилкелүү жол салынат. Көчөнүн Чортеков менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги бөлүгү толук оңдолот. Андан тышкары Сухе Батор көчөсү да кеңейтилип, чоң жол салынат.

2022-жылы калаада 17 көчө оңдолот.

Бөлүшүү