«Социал-демократтар» партиясында төрага алмашты

Автор -

Бүгүн, 12-февралда «Социал-демократтар» саясий партиясынын кезектеги съезди өттү.

Партиянын буга чейинки төрагасы Сеид Атамбаев кызматын тапшырып берип жатканына байланыштуу күн тартибинде алгач жаңы төраганы шайлоо каралды.

Жыйынтыгында жыйынга катышкан 200 адамдын жалпы добушу менен Темирлан Султанбеков «Социал-демократтар» саясий партиясынын төрагасы болуп шайланды.

Ошондой эле алдыдагы жергиликтүү кеңешке жана Жогорку Кеңештеги шайлоолорго катышуу чечими кабыл алынды.

Бөлүшүү