Түркия кыргыз-түрк достук ооруканасы боюнча келишимди ратификациялады

Автор -

Түркия Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасы боюнча келишимди ратификациялады. Бул тууралуу 11-февралда Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги маалымдады.

Элчилик билдиргендей, 10-февралда Түркиянын парламенти оорукананы ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялады.

Түрк тарап кыргызстандык дарыгерлердин Түркияда медициналык адистиктер боюнча билим алуусу жөнүндө келишимди да колдоду. Түркиянын президенти бул келишимдин күчүнө кириши жөнүндө тийиштүү мыйзамга кол койгондон кийин оорукана андан ары толук иштеши үчүн керектүү медициналык жабдык менен камсыз болот.

Келишимге ылайык, түрк тарап жыл сайын кыргызстандык 20 дарыгерге Түркияда окууга мүмкүнчүлүк берет жана Кыргызстандагы медициналык билим берүү, медициналык адистиктер боюнча окутууга багытталган окуу программасын иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт.

Буга чейин Бишкек шаарында курулган оорукананы Кыргызстан менен Түркия үч жыл чогуу башкара турганы айтылган.

2016-жылдын июнь айында курула баштаган оорукана 2017-жылы курулушу аяктап, иштей баштамак. 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу ал убактылуу ачылган.

Бөлүшүү