КТРКгы жаңылыктар 1-сентябрдан тарта сурдо которуунун коштоосу менен чыгып баштайт.
Бул тууралуу корпорациянын жетекчиси Илим Карыпбеков фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. БУУнун колдоосу менен келишимге кол коюлганын кошумчалады. Анын билдирүүсүндө, бир жылдык жаңылыктарды сурдо которуу орто эсеп менен 800 миң сомду түзөт.
“Көп жылдан бери бюджеттен акча табылбай келе жаткан максатыбыз ишке ашмай болду” – деп жазган.