ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн Баткен жана Ош облустарына эки күндүк жумушчу иш сапары менен барды.
Турсунбеков жумушчу иш сапарынын алкагында чек ара аймактарындагы абал, Ош – Баткен жолунун курулушу, социалдык мекемелердин абалы, мектептер менен ооруканалардын имараттарынын курулушу менен таанышмакчы.
Ал сел жүрүү, жер көчкү, жер титирөө сындуу табигый кырсыктардан жабыр тарткан калктуу конуштардын абалы менен жеринде таанышып, элет тургундарынын көйгөйлүү маселелерин мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргелешип чечүү аракеттерин көрмөкчү.
Андан сырткары, Чыныбай Турсунбеков Баткен жана Ош шаарларында аймактык активдер жана коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрмөкчү.
Спикердин Баткен жана Ош облустарындагы жумушчу иш сапары 8-июлга чейин созулат.






























