Европа Чемпионаты аяктады. Saat.kg бул турнирдеги эң кызыктуу жана чемпионаттын тарыхында биринчи жолу  болуп жаткан окуялардан 10 фактыны сунуштайт.

1Турнирге биринчи жолу 24 команда катышууда.

2Оюндардын жалпы саны 31ден 51ге чейин көбөйдү.

3Евро-2016да  алгачкы жолу Португалия жеңишке жетти.

4Өз атаандаштарын жарым финалда дайыма жеңип келген Германия бул жолу Францияга 2:0 эсебинде утулуп калды.

5Антуан Гризманн Европа чемпионаттын тарыхындагы бештен ашык топ киргизген экинчи футболчу болуп эсте калды. Ал алтын бут кийимдин (бутса) ээси аталды.

6Чемпионатта тушоосу кесилген Исландия баарын таң калтырып 1/4 финалга чейин жетти.

7Тайпалык оюндардан чыкпайт деген аутсайдер Уэльс жарым финалдык  матчта мыкты командаларды артка калтырды.

8Бул турнирде дароо 9 машыктыруучу кызматынан кетти.

9Швециянын оюнчусу Златан Ибрагимович улуттук курамада карьерасынын аяктаганы тууралуу кабарлады.

10Португалия капитаны Криштиану Роналду алган жаракатынан улам талаага оюнчу катары эмес машыктыруучу катары чыкты.