Президент Алмазбек Атамбаев менен Швейцариянын улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан жолугушууда эки өлкөнүн улуттук банктарынын ортосундагы өз ара кызматташуу маселелери, ошондой эле банк жана финансы чөйрөлөрүндө, анын ичинде эл аралык финансы институттарынын алкагында мындан ары перспективаларын талкуулады.
Мамлекет башчысы швейцариялык тарапка көп жылдардан бери көрсөтүп келе жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, банк чөйрөсүндөгү кыргыз-швейцариялык көп жылдык кызматташтыктын жемиштүүлүгүн белгиледи. Президент бул жааттагы Томас Йордандын жеке ролун баса белгиледи жана финансы, банк чөйрөлөрүндө швейцариялык тажрыйбаны үйрөнүүнүн маанилүү экендигине токтолду.
Томас Йордан швейцариялык тарап Кыргызстан менен болгон жылуу жана өз ара ишенүүчүлүк мамилени баалай тургандыгын, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Жолугушууда ошондой эле банк чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлордун жүзөгө ашыруунун жүрүшүнө жана Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын швейцариялык тобуна кирген өлкөлөрдүн алкагында өз ара аракеттенүүнүн негизги артыкчылыктарына да көңүл бөлүндү.