Күркөлөрдүн сырткы көрүнүшүн жаңыртуу жана жакшыртуу максатында бир нече үлгү жасалган.

Жаңы үлгүдөгү күркөлөрдүн сырткы көрүнүшү 2 х 3 метр көлөмүндө болот. Алар гезит-журнал сатуу жана соода-сатык, тейлөө тармагы үчүн берилет.

“Мурунку күркөлөр эскирип, шаардын эстетикалык көрүнүшүн бузууда. Мисал катары 70-80-жылдары коюлган гезит күркөлөрүн келтирсе болот” – деп демилгени көтөрүп жаткан Бишкек шаардык башкы архитектурасы билдирген.