Жер титирөө кечээ кечинде катталды.

ӨКМ билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркаларында, Бар-Дөбө айылынан түндүк-чыгышты көздөй 16 чакырым, Кара-Киндик айылынан 18 чакырым, Сары-Таштан 28, Нура айылынан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Күчү очогунда 3,5, Алай районунун Бар-Дөбө айылында 2,5-3 балл, Кара-Киндикте 2,5 балл сезилди.