Иш-чара маданият жана тарых жылынын алкагында 30-июлда Соң-Көл көлүндөгү жайлоодо өтөт.
Программада театралдаштырылган оюндар коюлуп, улутук ат оюндары ойнолуп, фолькордук топтордун жана улуттук музыкалык аспапта ойнолгон чыгармалары элге тартууланат.
Тайлак баатырдын 220-жылдыгын өткөрүү жоопкерчилигин тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция өз мойнуна алган.
Иш-чара ырчылардын гала концерти менен коштоло турганын маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.