Укук коргоочулар эки миңге жакын кыз сексуалдык зомбулукка кабылганын билдирди.

БУУ билдиргендей, жыл сайын аялдарга каршы 3 миңдей мыйзам бузуулар болот. Анын ичинде зордуктоо, кол салуу, токмоктоо, зомбулук менен никеге тургузуу.

Эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, 150 миң кыз никеге туруу үчүн уурдалган.

Жакында эле Базар-Коргон районунда 20-жаштагы Айнураны ажырашкан эркекке зордоп турмушка берүү болгон.

Айнура айласыздан Казакстанда жашаган курбусунан жардам сураган.

Жабыр тартса да туугандарынан корккондуктан эч кимге доом жок деп айткан. Азыркы учурда жаш кыздын жакындары жеке жошообузга кийлигишти деп милицияны сотко берүүгө даярданып жатат. Ал эми Айнура досторунун үйүндө жашап жатат.