Мурун соттолгон 58 жаштагы Ч.В. дан РГД-5 гранатасы табылып, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камалган.

Жарылуучу затты уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын (УККББ) кызматкерлери таап чыгышкан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатканын Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.