Фракция лидеринин айтымында, Жогорку Кеңештин төрагасы дагы КСДП мүчөсү болгондуктан, өкмөт башчысына талапкер өткөрүү кыйын болот. Бирок премьерликке коалициянын лидерлеринин бири чыгышын каалайт.
«Биз буга чейин маселени бир өңүттөн карап келдик. Эң негизгиси, коалициялык көпчүлүктө тил табышып иштешип, компромисстик жолдун эмне экенин көрсөтүү керек. Ушундай компромисстиктин негизинде төрагалыкты өзүбүз алып, өкмөт башчылыкка калган фракциялар макул болгон талапкерди чыгарып келдик», — дейт Турсунбеков.
Депутат кошумчалагандай, коалицияда төрт фракциянын бирөө каршы болсо, талапкер өтпөй калат.
«Бир фракциядан эки адамды жогорку кызматка өткөрүү ого бетер кыйын. Компромисстик фигура, мунаса вариант гана өтөт», — деди ал.
Ошондой эле фракция жектекчиси саясий система атаандашуу жолу менен бийликке адамдарды алып келип эле тим болбостон, алардын ишмердиктерине, кылган иштерине коомчулук тарабынан тыкыр карап, көзөмөлдөп турууну шарттайт экенин айтууда.