Буга чейин «Кайран элим, кайда баратабыз?» деген баннерлери кыргыз кийими менен паранжа жамынган кыздардан турчу.
Бул коомчулукта катуу талкууга алынган. Президентке чейин жетип, ал демилгенин колдоочуларынын бири болгон.
Атамбаев бардык райондордо бул билборддор илинсин деген тапшырма берип, 7 дубанда төмөнкү баннерлер пайда боло баштаган.
Маалыматтарга караганда, акыркы убакта айрым аймактарда бул билборддорду өрттөө жана тытуу фактылары катталган.
Ал эми бүгүн болсо Советский менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде дал ушул баннерлерди жаңы өңүттө көрүүгө болот.