Быйылкы жылдын 6 айында бюджеттин таңсыктыгы 13 млрд 547,6 млн сомго жеткенин каржы министрлигиндеги борбордук казынанын директорунун орун басары Марлен Амандыков билдирген.
Ал эми бюджеттин кирешеси 54 млрд 335,1 млн сом жана чыгашасы 67 млрд 882,7 млн сом болгон.
Акыркы убактарда КРде экономиканын өсүшү жайлап кеткен. Жарым жылдагы өлкөнүн ички дүң өнүмү 2,3% болуп, 176 млрд сомду түзгөн жана өткөн жылдын 6 айына салыштырмалуу 9,1%га азайганын айтты. Бул көрсөткүчтү каржы министрлигинин серепчилери баалуу металлдарды өндүрүүнүн көлөмүнүн азайып кетишине байланыштырышкан.
Амандыков билдиргендей, бюджетке жарым жылда Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдөн келген товарлардын бажы төлөмдөрүнөн 5 млрд 997,1 млн сом түшкөн. Анын көп бөлүгү Орусиядан келген (5 млрд 188 млн сом).
“Биз бергенден да, 160 млн сомго көп алдык ” – деген Марлен Амандыков.
Өткөн жылы ИДӨ 423,6 млрд сом болуп, экономиканын өсүшү 3,5%га барабар болгон.
12-августта КРдин ЕАЭБге мүчө болгонуна бир жыл толот.