Маскөөдө (Орусия) жайгашкан кластерде дыйкандар “Кыргызстан” аталышындагы соода-көргөзмө аянтчасын түзүп алышты. Бул жерден өндүрүүчүлөр жалпы КМШдагы рынокторго жол ачылат деп күтүшүүдө.

ЕАЭБ өлкөлүрүнүн арасынан кыргыз фермерлери биринчилерден болуп аянтча ачышты. 91 гектарды ээлеген кластерге дүйнө жүзүнөн өндүрүүчүлөр жана сатып алуучулар келишет.

“Биз консервалык продукцияны, табигый ширелерди, кургатылган мөмө-жемиштерди чыгарабыз. Маскөө рыногун ээлеп, өз керектөөчүлөрүбүздү табабыз деп ишенебиз. Анткени, Кыргызстандын продукциясы экологиялык жактан таза келет”, — деп Saat.kgге Баткен облусунан келген ишкер Токур Эркебаев айтып берди.

Автор: Гүлнара Болотбекова