Бүгүн Жогорку сотто 2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуялар боюнча соттук иш уланды.

Сотто төрагалык кылган Качыке Эсенканов өкүм чыгарды.

Ага ылайык,  экс-президент Курманбек Бакиев 30 жылга эркинен ажыратылып, анын ичинен 5 жылын абакта, ал эми 25 жылын күчөтүлгөн режимдеги колонияда отурушу шарт.

Ошондой эле сот жалпы адам укуктарынын боюнча декларациянын 65 жылдыгына байланыштуу Нурлан Турсункуловдун, Каныбек Жороевдин, Мурат Суталиновдун, Данияр Дунгановдун, Алмазу Жолдошевдин, Нурлан Темирбаевдин жана Элмурза Сатыбалдиевдин амнистиясын четке какты.