Ай башында вице-премьер-министр Олег Панкратов энерго ишканаларына Тажикстандан электр энергиясын сатып алуу маселесин чечүүнү тапшырган.

Бул тууралуу расмий түрдө жооп келбегени менен Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Усмонали Усмонзода маалымат каражаттарына Кыргызстанга электр энергиясын сатуудан баш тартканын билдирген.

“Алар өтө чоң көлөмдү сурап жатышат. Биздин түндүк аймактарыбызда талап күчөп жаткандыктан бере албайбыз” – деди министр.

Андан сырткары эскпортко талап көбөйүп жаткандыктан кымбатыраак сатууну көздөп жатышканын кошумчалаган.

Мындай билдирүүгө энергетика адиси Карыпбек Алымкулов эгерде Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын берсе өзүнө жакшы болмок экенине токтолду.

«Алардын Вахш суу сактагычынын көлөмү кичине болгондуктан суу батпай турат. Ошондуктан жөн эле агызып жиберүүгө мажбур. Кыргызстан ордуна кышында электр энергиясын беребиз десе туура болмок”, – дейт.

Анын айтымында, 15-августка чейин аба ырайы жаанчыл болсо суунун көлөмү 17 млрд кубга жетиши мүмкүн.

“Азыр Токтогул суу сактагычында 16 млрд куб суу бар. Ал бизге кенен жетет. Ошондо да жазга маал 10 млрды ашып калышы мүмкүн.  Андыктан алардын электр энергиясын бербей койгонунан Кыргызстандын эч нерсеси кемибейт” – деген оюн билдирет.

Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Үмбөталиев билдиргендей, Тажикстан Ооганстанга электр энергиясын 3-7 центтен сатканы үчүн КРге 2,5 центтен берүүнү каалаган жок.

“Былтыркыга караганда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 4,5 млрдга көп. Суу мындан да көбүрөөк топтолушу мүмкүн. Ал быйыл ишканаларга, элге жетет. Панкратов буйрукту азыр колдонууга жана кийинкиге үнөмдөп туруу үчүн берген болуш керек. Бирок, бербей коюшу бизге эч кандай таасир бербейт жана зыян тартпайбыз” – деп кошумчалайт.