Кундуз аймагында жайгашкан Дашти-Арчи үйөзүндөгү медресени Ооганстандын атайын кызматтары таап чыккан. Ал жерде миналарды унааларга орнотуу жана жанкечтинин жилетин жасоо боюнча окуулар жүрүп жаткан.

Террористтерди даярдоо борборун пакистандык Имронхон аттуу адам жетектегени маалым болду. Аталган жай Кундуз аймагындагы талибдердин көмүскөдөгү губернатору Салам жана Ооганстандын түндүгүндөгү талибдердин башчысы Жанат Голанын кол астында эле.

Жергиликтүү маалымат каражаттарына Кундуздун губернатору Асаддулу Омархель мамлекет тарабынан буга эч кандай чара колдоно албастыгын билдирген. Анткени борбор чек арада жайгашып, талибандердин көзөмөлүндө болгон деп www.ca-news.org сайты жазып чыкты.