Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ош шаарында өтүп жаткан “Мекендештер-2016” III форумунун катышуучуларына куттуктоосун жолдоду.

Инвестицияларды илгерилетүү менен өлкөнүн экономикасына салым кошуп жатышкандыгы үчүн аларга ыраазычылык билдирди.

“Эгерде биз берилген мүмкүнчүлүктөрдү туура колдоно билсек, аз убакыттын ичинде өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошула алабыз. Инвестициялар үчүн өлкөнүн экономикасы ачык жана өкмөт инвестиция жасайм деген ишкерлерди ар дайым колдойт” – деп жазылган премьердин куттуктоо сөзүндө.

Куттуктоону вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева окуп бергенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.