Аманбек Ажыматтын «Дене тарбиячы,алтын, дарыя» тасмасы Черногориядагы Херцег Нови шаарында өтүп жаткан фестивалдан » Алтын Мимозаны» жеңип алды.

Бул маалыматты кинематография өнүгүү фонду билдирди.

Тасма айылдагы дене тарбия мугалиминин окуясын баяндайт. Ал айына 5 миң сом алат. Бул кырдаал аны абдан суук аба ырайы болсо да дарыядан алтын табууга түртөт.

Аманбек Ажымат бул тасмада сценарийдин автору, режиссер, оператор, монтажердун да жүгүн тарткан.

Бул анын алгачкы тасмасы, ал 2014-жылы чыккан.

Азыркы учурда жаш кинемотографист Темир Бирназаровдун алдында такшалууда