ЕАЭБге (Евразиялык экономикалык биримдик) кирүү менен Кыргызстан айыл чарба продукцияларын эртелеп экспорттоону көздөп келет. Бир тарабынан бийлик төбөлдөрү да элди ушундай жакшы тараптары болот деп сүйүндүрүп койгон эле. Бирок продукциянын санитардык жана ветеринардык талаптарга жооп бере албаганы тоскоолдуктарды жаратып, фермерлердин ою ишке ашпай келет.
ЕАЭБге киргенибизге жарым жылдан ашса да, эт экспорттоло элек. Уюмдун башка өлкөлөрү Кыргызстандын мал продукциясы биримдиктин алкагында иштелип чыккан стандарттуу талаптарга жооп бербейт деп алуудан баш тартышууда.
Буга эпизоотикалык абал талаптарга төп келбегени себеп болду. Ветеринардык ишмердүүлүк начар болгондуктан, чет өлкөлөр катталып туруучу жана тез тарап кетүүчү малдын жугуштуу ооруларынан чочулап жатышат.
Ветеринардык көзөмөл эквиваленттүү эмес деген чечим да чыккан. Биринчиден, мал туулгандан союлганга чейин тыкыр көзөмөлдө болушу керек. Бирок тийиштүү көзөмөл жок. Экинчиден, чек аралык посттор талапка жооп бере албайт. Адистер жетиштүү жана керектүү жабдуулар менен камсыз болгон эмес. Үчүнчүсү, лабораториялардын эскилиги жетип, алардын шарттары да туура келбейт эле.
Биздеги ветеринардык абал кандай?
«Чындыгында Орусия менен Казакстанда ветеринардык кызмат айылдарга чейин уюшулган. Адистер кадимки бюджеттик штатта отуруп, айлык акы алып иштешет. Бизде болсо көзөмөл районго жетип токтойт. Мисалы, Ысык-Ата районунда 64 айыл болсо, анда 8 эле мал доктур бар. Алар ирээтсиз иштеп келет. Малды алар карайт, бирок маалымдаманы район берет», — дейт ветеринардык жана фитосанирдык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов..
Адистин айтымында, айыл жергесиндеги мал доктурларды бюджет камсыздай албайт. Ошондуктан өкмөттүн токтому менен мал доктурлар аймактарга бөлүнүп, картасы чийилип берилип, жеке ветеринария колдоого алынды. Ветеринарлар өзү көзөмөлдөп, өзү мөөр басып, маалымдамасын жазып берет. Жоопкерчилиги да күчтүү болот. Бул ветеринардык көзөмөлдүн натыйжалуу иштеринин бири. «Муну биз ЕАЭБге далилдеп бере алабыз», — дейт Жумаканов.
Базарлар да, сүт алган ишканалар да тыкыр текшерилип баштады. Жаза төлөмү да он эсеге көбөйдү.
«Чек аралардагы 15 посттун 7син кайрадан заманбап кылып жасап чыктык. Орусиядан келе турган керектүү жабдууларды күтүп жатабыз. Азыркы учурда 28 лаборотория бар. Алардын көбү эскирип иштебей калган. Мекеме өзү бар, бирок адистер жок. Бишкек менен Оштогу лабороторияны август айына чейин шарттарын жакшыртканы турабыз. Кийин калган 5 облуска дагы бешөөнү курсак, ошол бизге жетиштүү болот. Аларды ишке киргизип алсак, андан башка шылтообуз деле калбайт», – деген оюн билдирет Калысбек Жумаканов.
Экспорттолуп жаткан продукциялар жок эмес
Кыргызстанда ЕАЭБге экспорттоого 15 ишканага уруксат берилген. Экөөсү балык, бири эт, калганы сүт продукцияларын чыгарган ишканалар. Алар ЕАЭБдин реестринде каттоодо турат. Орусиянын бардык аймактарына, Казакстандын түштүгүнө экспорт кылууга укуктары бар. Бирок, эмнегедир, алар өндүргөн продукцияларын белгисиз себептер менен чыгарбай жатканын мамлекеттик инспекция билдирет.
Мамлекет мал соючу жайларды куруп бере албайт
Калысбек Жумакановдун айтымында, «баягы эле мамлекет каржылай албайт деген көйгөй залакасын тийгизип келет».
«Эң негизги шарттардын бири мал союлуучу жайлар болуп эсептелинет. Жеке ишкерлер мал союлуучу жайларды куруп берсе, биз калган көзөмөлдөө жагын камсыздап берет элек. Анткени, мал чарбачылыгындагы ишмердүүлүк ошого барып такалат. Малдын этин экспорттоодо негизги санитардык көзөмөл ушул жерден өткөрүлө тургандыкта,н абдан зарыл», — деп эсептейт ал.
Шарттар түзүлсө эле сыртка чыкканы турабыз
Ал эми экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов болсо талаптарга жооп бере турган бардык шарттарды түзүп алгандан кийин кыргыз фермерлерине ички рынокту пропагандалап алуу жетиштүү болот деген оюн ортого салат.
«Бизден чыккан айыл чарба продукциялары башка өлкөлөрдүкүнө караганда экологиялык жактан таза жана табигый экенин далилдеп беришибиз керек. Анткени ЕАЭБдин алкагында атаандаштык абдан күчтүү. Ошондуктан, биринчи ички рынокту таанытып алсак туура болот. Алыска кетпей эле, Орусиянын этникалык кыргыздар жашаган аймактарына жөнөтүп турсак, тез эле көзгө илинебиз», — дейт эксперт.