Талыкпаган эмгек өзүнүн жемишин, үзүрүн берет деген сөз бекеринен айтылып калбаса керек. Студент кезинен окууну, ишти кошо алып кеткен, башкалардан чечкиндүүлүгү менен айырмаланган, 23 жашынан жогорку окуу жайларынын бириндеги журналистика факультетинин деканынын орун басары болуп иштеп келе жаткан Айжан Бактыбек кызы менен маектештик. Ал кантип жаштайынан мындай кызматта иштеп калгандыгы жана ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.
— Айжан Бактыбековна, БГУга кантип жумушка орношуп калгандыгыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?
— Жогорку билимди БГУнун журналистика жана маалыматтык системалар факультетинен алгам. Студент кезимде эле ар кайсы басылмаларда иштеп, тажрыйба топтоп жүрдүм. Окууну аяктагандан кийин ар бир бүтүрүүчү сыяктуу мен да жумуш иштеп, резюмемди бош орун болгон маалыматтык агенттиктерге жөнөтүп, жооп күтүп жүргөм. Бир күнү окуп бүтүргөн факультеттин деканы Алтын Асановна чакырып, ошол факультетке иштеп, магистратурага тапшырууну сунуштады. Көпкө ойлонуп, “мен башка багытта иштөөнү каалайм” деген жообумду бергем. Мугалимимдин “бир жылча иштеп көр, анан дагы көрөсүң” деген сөзүн эки кыла албай иштеп калгам.
— Жумушка жаңы орношкондо өзүңүз теңдүүлөргө сабак бердинизби?
— Мен бир жыл факультеттин «Репортер» тренинг борборунда директор болуп, ар кандай тренингдерди, мастер класстарды уюштуруп иштедим. Кийинки жылдан тарта сабак өтө баштадым. Өзүмдөн бир аз эле кичүүлөргө сабак бердим.
— Сизди жаш деп тоготпогондор болдубу?
— Беш кол тең эмес дегендей антип кыр көрсөтүүгө аракет кылган студенттер да болгон. Мен сабак башталганда эле “окуйм деген студенттер калгыла, кызыкпагандар экзамен учурунда келсеңер, каалаган бааңарды коюп берем” деп талап коём. Студенттер 2-3 сабак аралыгында кызыгып кетишет. Тоготпогондор тоготуп калат.
— Бир жыл аралыгында декандын орун басары болуп калганыныз тураалуу айтып берсеңиз?
— Башта айткандай, тренинг борборунда иштеп турган мезгилде ошол убактагы декандын окуу боюнча орун басары декретке кетип жатып, жетекчиликке өзүнүн ордуна мени сунуштаган экен. Бирок, мен өзүм тажрыйбам аз, жашмын деп каршы болгом. Жетекчилик жумушту алып кетет деген ишеним көрсөтүп жатса, ишенимди актоого аракеттендим.
— Ийгиликтүү иштөөнүн сыры эмнеде?
— Биринчиден талыкпаган эмгек жана жоопкерчилик, булар эң негизгилери. Эмгектин артында сөзсүз түрдө ийгилик болот.
— Жаш кезде мындай кызматта иштеген кыйындык жараткан жокпу?
— Биринчи убакта оор болду. Айланамдагы адамдар менен тил табыша билүү, талаптагыдай деңгээлге жетүү керек эле. Ошол учурда бул кызмат мага чоң сабак болду деп ойлойм. Көп нерсени билдим, үйрөндүм. Жашоодогу ар бир мезгил өзүнчө бир турмуштук сабак да. Менин оюмча адам бийик учам десе, чоң кадам таштагандан коркпош керек.
— Алдыда кандай пландарыныз бар?
— Алдыда пландар көп, өзүмдүн окуу борборумду, студиямды ачсам деген жакшы ойлорум бар. Курбуларым менен биргеликте сайт ачууну да пландап жатабыз, эң негизгилери ушулар. Анан албетте үй-бүлө куруу.