Жакында өтө турган көчмөндөр оюндарындагы спорттун үч түрүнө арналган 50 сом, 100 сом жана 150 сом номиналындагы маркаларда чабандестердин күрөшү (эр эңиш), атчан жаа атуу жана өрт жалындаган чабандес чагылдырылган.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети билдиргендей, маркалар жалпысынан 216 миң нускадан турат. Почта маркаларынын автору – Виталий Погольша. Тематикалык почта маркалары Кыргызстандын “Kyrgyz Eхpress Post” почта бөлүмдөрүндө 8-августунан тартып сатыкка коюла баштады. Аларды Бүткүл дүйнөлүк почта биримдигинин бардык өлкөлөрүндөгү каттардын жана почта карточкаларынын төлөмдөрүндө колдонсо болот.

Белгилей кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8- сентябрында Ысык-Көлдө өтөт.