Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Жогорку Кеңештин 15 төрагасы алмашты. Бул тизмеге 2005-жылга чейинки парламенттин эки палатасынын тең жетекчилери кошулду. Акыркы эки чакырылыштагы ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн өз ыктыяры менен ээлеген кызматынан кете турганын жарыялады.
1Медеткан Шеримкулов
Жогорку Кеңешке 1990-жылдын 11-декабрынан 1994-жылдын 13-сентябрына чейин төрагалык кылган.
Эки палаталуу парламент
2Мукар Чолпонбаев
1995-жылдан 1997-жылга чейин ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйынынын төргасы
3Алманбет Матубраимов
1995-жылдын 1997-жылга чейин ЖКнын эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы
4Усуп Мукамбаев
1997-жылдан 2000-жылга чейин ЖКнын эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы
5Абдыганы Эркебаев
1997-жылдан 2000-жылга чейин ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйынынын төргасы
6Алтай Бөрүбаев
2000-жылдын апрель айынан 2005-жылдын мартына чейин ЖКнын эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы
7Ишенбай Кадырбеков
2005-жылдын 24-мартынан 14-апрелине чейин ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйынын төрагасы
Муратбек Мукашев
2005-жылдын март айында ЖКнын Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы
Бир палаталуу парламент
8Өмүрбек Текебаев
2005-жылдын 28-мартынан 2006-жылдын 2-мартына чейин ЖКнын төрагасы
9Марат Султанов
2006-жылдын 2-мартынан 2007-жылдын декабрь айына чейин ЖКнын төрагасы
10Адахан Мадумаров
2008-жылдын январынан 29-майга чейин ЖКнын төрагасы
11Айтибай Тагаев
2008-жылдын 29-майынан 2009-жылдын 17-декабрына чейин ЖКнын төрагасы
12Зайнидин Курманов
2009-жылдын 24-декабрынан 2010-жылдын 2-июнуна чейин ЖКнын төрагасы
13Ахматбек Келдибеков
2010-жылдын 17-декабрынан 2011-жылдын 14-декабрына чейин ЖКнын төрагасы
14Асылбек Жээнбеков
2011-жылдын 21-декабрынан бүгүнкү күнгө чейин ЖКнын төрагасы болуп эмгектенди