Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеев бүгүн 15-августта Бишкек сааты боюнча 19:00дө мелдешке чыгат.

Спортчу 85 кг чейинки салмакта күч сынашат.

Кенжеев2

Балбандын Олимп оюндарына чейинки жашоосу менен тааныштырабыз.

Жанарбек Кенжеев 1985-жылы Талас облусунда төрөлгөн.

2003-жылы уландар арасында өткөрүлгөн турнирде коло медалга ээ болуп, 2005- жылы биринчиликти жеңген.

Азия Оюндарында үч жолу коло медаль тагынган.

2014-2016-жылдары эки жолу Азия Чемпиону аталган.

Кенжеев3

Рио-2016 Кенжеевдин экинчи олимпиадасы. Ал буга чейин 2004-жылы өткөн Афины оюндарына катышкан.

Кызыгы балбан шаардагы №66 орто мектепти алтын медаль менен бүтүргөн жана колунда юристтин диплому бар.

Олимпиадага жакын башталган чыр

Олимп оюндары башталганга чейин United World Wrestling Кенжеевдин лицензиясын тартып алган. Себеби кызытма-тест анын канында мельдоний бар экендигин аныктаган. Бирок балбан 0,1 бул уруксат берилген норма деп далилдеп бергенден кийин UWW лицензияны кайтарып берген.

Кенжеев5

Үй-бүлөлүү 2 баланын атасы.

Олимпиада үмүтү Кенжеевдин алгачкы атаандашы болуп германиялык Денис Кудла болмокчу.

Кудла  2016-жылдагы Европа Чемпионатынын коло медалчысы.