Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өлкөнүн диний абалын аалымдар менен биргеликте талкуулады.
Жолугушууга муфтий Максат ажы Токтомушев, аалымдардын кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов, аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов, «Ыйман» руханий өнүгүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков болгонун өлкө президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирет.
Атамбаев азыркы учурда диний темадагы ар бир пикир талкууга алынып жаткандыгын белгилеп, радикализмге каршы биргелешкен коопсуздук чараларын көрүүнү сунуштаган.
«Бул абалды экстремисттер менен радикалдар күчөтүп жатат. Дүйнөдөгү акыркы тенденцияны эске алсак, биз радикалдашууга каршы туруп, мамлекеттик светтик мүнөздү бекем карманышыбыз керек», — деди президент.
Чубак Жалилов болсо дин тутуу боюнча Кыргызстанда эч качан бүгүнкүдөй жакшы шарттар түзүлбөгөнүн, динге ишенгендер элдин биримдигин колдошу керектигин айтты.
Андан сырткары президент ислам дини — боорукердик менен билимдин, өнүгүүнүн дини экендигине токтолду.