Мирлан Абдыкалыковдун тасмасы “Жаңы талант” номинациясындагы 3 миң 400 долларлык байгеге көрсөтүлгөн.

Кинофестивалда белгилүү режиссёр Гүнеш Йылмаздын байгеси коюлуп, ага 8 жарым миң доллар каралган. Коомчулуктун байгесине 1700 доллар же 2 млн Ирак динары коюлган.

Дүйнөнүн ар бурчунан бара турган тасмалар дүйнөлүк кино, күрд тасмалары жана түндүк өлкөлөрүнүн тасмалары программасы боюнча ат салышат.

Сынак 9-16-сентябрга чейин Духок шаарында өтөт.