Новосибирскиде мигранттарга айрым кесипчиликтер боюнча иштөөгө тыюу салынды деген маалыматты КРдин тышкы иштери иликтеп, чын-төгүнүн ачыктады.
Анда орус басылмалары мигранттарга балдар лагерлерине, бала бакча, мектептерде, балдарга тамак-аш даярдоо тармагында эмгектенүүгө, жүргүнчү ташыган транспортторду айдап, катчы, редактор, котормочу, эсепчи, финансист болуп иштегенге тыюу салынат деп жазып чыккан эле.
Тыюу салуу боюнча токтомго кол коюлганы чын. Бирок, ал Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн жарандарына тийиштүү эмес. Кыргызстан, Казакстан, Беларусия, Армения өлкөлөрүнүн жарандары мурдагыдай эле ээн-эркин иштей алышат экенин ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.