Өкмөт төкмө акындардын сынагын өткөрүү боюнча келип чыккан кырдаалга түшүндүрмө берет.

2001-жылдан тарта аталган сынакты кинорежиссер жана продюсер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген «Айтыш» коомдук фонду уюштуруп жана каржылап келген. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өнөктөш катары сынакты жарым-жартылай каржылайт. Сынактын жеңүүчүлөрү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун программасы алкагындагы “Көчмөндөр ааламы” фестивалына катышат.

Буга байланыштуу dице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковго «Айтыш» фонду менен биргеликте көчмөндөр оюнунун алкагындагы иш-чаралардын маанилүүлүгүн эске алуу менен фестивалга катышуу максатында уюштурулган төкмө-акындарды тандоо сынагы өткөрүлгөн соң жаралган маселелерди карап чыгууну жана бул боюнча коомчулукка маалымат берүүнү тапшырды.

Буга чейин төкмө акын Аалы Туткучев сынак жыйынтыгын чыгарууда калыстардын адилеттүүлүгү боюнча шек жаралгандыгын билдирген. Ал калыстардын «Ж.Жумакадыр жана Б.Акматов сыяктуу сынак катышуучуларына калыс эмес мамилеси үчүн» “Көчмөндөр ааламы” фестивалына катышуудан баш тартаарын жарыялаган.