Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында жакында 8 айыл өкмөтүн (калкы – 75 миң адам) байланыштырган Араван-Сай дайрасы аркылуу салынчу кошумча жаңы көпүрөнүн курулушу баштала турган Ноокат – Араван – Тепе-Коргон унаа жол тилкесин барып көрдү.
Транспорт жана жолдор министри Замир Айдаровдун айтымында, учурдагы көпүрө 1960-жылы салынган, транспорттук агымдын жогорулашы менен аталган көпүрө жаңыртууга муктаж. Учурда Транспорт жана жолдор министрлигинин “Кыргызжолтрансдолбоор” институту жалпы курулуш ишинин суммасы 37 млн сомду түзгөн долбоордук-сметалык документти даярдап чыкты.
Жээнбеков белгилегендей, курулуш иштерин күздө баштоо керек, анткени ал учурда дайрадагы суунун деңгээли төмөндөйт.
Премьер-министр ошондой эле Араван районундагы Мангыт айылындагы мектептин курулушу менен таанышып чыкты.
Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин маалыматына ылайык, курулуш иши 2015-жылы башталган, республикалык бюджеттен каржылоо жүрүүдө.
Жээнбеков белгилегендей, жалпы курулуш иштери жаңы окуу жылына карата жыйынтыкталышы керек.
«Сапаттуу билимге болгон талап өсүүдө жана республиканын бардык аймактарында заманбап билим берүү мекемелеринин курулушу Өкмөт ишиндеги келечектүү багыттардын бири катары саналат. 2016-жылы Ош обусунун билим берүү тутумуна бюджеттен 4 млрд 144 млн сом бөлүнгөн, быйылкы жылы 28 жаңы мектеп окуучулар үчүн эшигин ачат», – деп белгиледи Жээнбеков К.Жантөшев атындагы жаңы мектептин ачылышында.
Мектептин курулушуна 88 млн сом сарпталган. Аталган мектепте тигүү тармагынын адистерин даярдоочу класстар жабдылган.
Өкмөт башчы ошондой эле Ош шаарындагы жаңы бала-бакчага барды. Мында ал белгилегендей, эгемендүүлүк жылдары мектепке чейинки билим берүү имараттарынын көпчүлүгү менчиктештирилип, талкаланууга дуушар болгон.