200дөн ашык бейтап орус окумуштуулары тарабынан даярдалган Эбола оорусуна каршы вакцинаны өзүнө сынап көрүүгө даяр.

Эгер адам инвалид болуп же каза тапса анда ага 2 млн рубль берилет.

Котракттын баасы- 395,96 рубль. Эгер каза тапса — 2 млн рубль,  I группадагы инвалиддике-1,5 млн рубль, II группа — 1 миллион рубль, III группадагы инвалид болуп калса — 500 миң рубль төлөнөт.

Клиникалык сыноолордун биринчи бөлүгү  2016-жылдын май айында 18 жаштан 60 жашка чейинки 60 ыктыярчынын үстүнөн жүргүзүлгөн.

Дармекти иштеп чыккан мамлекеттик илимий «Вектор» вирусология жана биотехнология борбору болуп саналат.

Быйылкы жылдын январь айында Владимир Путин Орусияда эболага каршы вакцина иштелип чыккандыгын билдирген.

«Дармек буга чейин чыгарылган дарыларга караганда эффективдүүлүгү менен айырмаланат»,- деп айтып чыккан Путин.

 Ал эми баасы 12-14 миң рублга барат.

Эбола калтыратмасы батыш европада 2014-жылы февралда башталган. Вирус менен 30 миңден ашык адам ооруп, 12 миңден көбү каза тапкан.