22-августта FIFA-11 ден соолук үчүн программасынын ачылуу аземи болду.
Анда FIFA инструкторлору Жоэль Мартинес жана Эрика Руиз катышты.
КР футбол федерациясы кабарлагандай, Кыргызстан аталган программа ишке кирген Борбор Азиядагы алгачкы өлкө.
FIFA-11-бул 11 сабактан турган серия. Алар футбол оюунунан туруп, ден соолукту чыңдоого багытталган.
Максаты — мектеп окуучуларын өз ден соолугун коргоону үйрөтүү.
Аталган программанын катышучулары мектеп дене-тарбия мугалимдери болду. Алар алгач футболдун так аспекттерин үйрөнүшөт. Андан соң аларга сергек жашоо тууралуу маалымадамалар берилет.
Келечекте FIFA-11ди бүткүл Кыргызстанда жайылтуу пландалууда.