Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймактын абалы азырынча тынч.
Кыргыз-өзбек чегиндеги чек ара бөлүгүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Үңкүр-Тоого чек ара кызматынан кошумча аскерлер жиберилди.
Эки тараптын чек арачылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Процессуалдык иш-чаралардын негизинде 4 кыргыз жараны, радио релелик станциянын кызматкерлери Өзбекстандын Янгикурганском РИИБде экенин өзбек чек арачылары билдирип, алардын коопсуздугу үчүн кабатырлануунун кереги жок экенин белгилешкен.
Эскерте кетсек, 22-августта Өзбекстандан 7 милиция кызматкери Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка кирип, алар МИ-8 тик учагы менен түшүрүлгөн.
Ал эми негизинен алганда азыр абалдын тынч экенин чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.