Бүгүн Ош шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги IV сессиясы болду.

Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана мекеме-ишканаалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибине  жалпысынан 22 маселе каралып, алардын негизгилеринин бири Ош шаарынын 2016-2020-жылдагы өнүктүрүү программасы болду.

Айтмамат Кадырбаев депутаттардын берген суроолоруна жооп берип жатып, башкы максат социалдык объектилери жетишсиз болгон аймактык кеңештерди колго алуу экендигине токтолду.

«Ош шаарынын 2016-2020-жылдагы өнүктүрүү пргограммасында мектеп, балдар бакчалары жетишсиз аймактарга социалдык объектилерди куруу камтылган. Мындан тышкары таза суу көйгөйүн чечүү, жол маселелери, жагымдуу чөйрөнү түзүү, курулуш тармактарын жөнгө салуу, инвестиция, ишкерлерге колдоо көрсөтүү сыяктуу көптөгөн долбоорлор иштелип чыгып, программага камтылды», — деди Кадырбаев.

Жыйындын жүрүшүндө программа суроо жооп иретинде жүрүп толук талкууланды. Андан соң,  шаардык кеңештин депуттаттарына добушка коюлуп, кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын 2016-2020-жылдардагы өнүктүрүү программасын приоритеттүү беш багыты төмөнкүлөр:

  1. Ынтымактуу коомду түзүү
  2. Динамикалуу экономика
  3. Мамлекеттик жана муниципалдык социалдык кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу
  4. Жагымдуу чөйрөнү түзүү
  5. Экологиялык коопсуздук жана айлана- чөйрөнү коргоо