Орусия федерациясынын ички иштер министрлигине караштуу ЖОЖго 1-курстан 30 курсант кетет.

Бүгүн академияга ийгиликтүү өткөн жана Орусияга окууга жолдомо алган курсанттар ант беришти.

Ант берүүгө байланышкан салтанаттуу иш чарага ИИМ министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков, ИИБнин ардагерлери жана курсанттардын туугандары менен жакын санаалаштары катышты.

Өмүрзаков окуучуларды куттуктадды.

«Бүгүн силер Орусиянын окуу жайларына аттанып жатасыңар. Ал жакта жакшы окуп, өзүңөрдү жакшы алып жүрүп, ата-энеңердин үмүтүн актап, өлкөңөрдү жакшы тарабынан көргөзүп келгиле» — деген сөзүн айткан.

Иш-чаранын акырында курсанттар салтанаттуу жүрүш жасашканын ИИМ академиясынын басма сөз кызматы билдирди.