Кыргызстандагы күнөсканалардын жалпы аянты 65 гектарды түзөт.
«Өлкөдө күнөскана ишкерлиги өнүккөн эмес. Ошондуктан, сезон болбогон убакта биз өзүбүздү жер жемиш менен камсыз кыла албайбыз. Мисал келтирсем, Түркияда күнөсканалар 26 миң, Испанияда 52 миң жана Израилде 42 миң гектар аянтты ээлейт. Негизги маселе фермерлердин бул тармакты жакшы билбегендигинде деп ойлойм», -деген оюн билдирет «Жашыл чарба» агрохолдингинин директору Тилек Токтогазиев.
Ошондой эле Кыргызстанга азык-түлүктүн көпчүлүк бөлүгү аткезчилик жолу менен Кытай жана Өзбекстандан келет.
Токтогазиевдин айтымында, алардын сапатына кепилдик берген тастыктамалары болбойт.
«Бүгүнкү күндөгү олуттуу маселе аткезчилик жолу менен келген товарлар. Алардын кандай экенин биз билбейбиз. Кыргызстандын рыногуна алар көзөмөлсүз түшөт. Кыргызстандыктардын дасторконундагы ар бир үчүнчү азык-түлүктө өтө көп нитраттар менен пестициддер болот», — дейт ал.