АКШ бул окуяны акыркы мезгилдеги эң агрессивдүү атаандаштык деп атады. Орусиялык Су-24 учактары «Дональд Кук» кемесине 11 жолу өтө жакын учканы айтылууда.
Кечээ кечинде америкалык аскерлер орус учкучтарынын кылыгын видеого жана сүрөткө тартканын айтып, интернетке жарыялады.
https://youtu.be/qhwCrTJzB-4
Окуя Балтика деңизинде орун алган. АКШ аскерлери машыгууларды жүргүзүп жатканын маалымдашкан.
Сүрөт: reuters.com
Батыш прессасы кабарлагандай, эсминецке орусиялык Ка-27 тик учагы дагы жакындаган.