ЖК төрагалыгына “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев ат салышат. Буга чейин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун дагы аты аталып келген. Бирок ал төрагалыктан баш тартканы белгилүү болду.
Саясат таануучу Токтогул Какчекеев эки талапкердин тең спикер болгонго тажрыйбасы жетиштүү экенин айтат.
“Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңеште көп жыл иштеди. Анын мыйзам чыгарууда салымы бар. Ал эми Канат Исаев Чүй облусун жетектеп жүрдү, чарбачылыкты жакшы түшүнөт. Жогорку Кеңештин төрагалыгына Исаев болот деп ойлойм”, — дейт Какчекеев.
Ал эми оппозиция өкүлү Азимбек Бекназаровдун айтымында, ким спикер боло турганы алдын-ала чечилип калган маселе.
“Канатбек Исаевдин ЖКга төрага боло турганы баарыбызга эле белгилүү. Премьер-министр түштүктөн болгондон кийин, спикерди да түштүктөн тандабайт да. Бүгүн парламентте өтө турган жабык шайлоо бул формалдуу эле нерсе”, — экс-башпрокурор.
Жогорку Кеңештин ичинде дагы спикерликке Исаевдин келээринен күмөн санашпайт.
Канатбек Исаев буга чейин Токмок шаарынын мэри, Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген. Ал V чакырылышка «Республика» партиясынын атынан депутат болуп келген. 2015-жылы андан чыгып, “Кыргызстан” партиясын түптөгөн. Учурда ЖКда “Кыргызстан” фракциясынын лидери.
Бакыт Төрөбаев дагы «Республика» партиясынан парламенттин V чакырылышына депутат болуп келген. Кийин 2015-жылкы шайлоого «Өнүгүү» партиясынын лидери катары аттанган. Азыр парламентте аталган фракциянын лидери.