Оюнду өзбекстандык рефери Равшан Ирматов башында турган арбитрлер тобу тейлейт.
Ирматовго Абдухамидулло Расулов (Өзбекстан) жана Жахангир Саидов (Өзбекстан) жардам берет .
Равшан Ирматовдун FIFA даражасы бар. 2012-2014-жылдардагы дүйнөлүк чемпионаттарды, 2012-жылы Олимп оюндарын тейлеген. 2015-жылы эң мыкты рефери катары Globe Soccer Awards премиясы менен сыйланган. 38 жаштагы арбитр дүйнөлүк матчтарды тейлеген саны боюнча рекорд койгон.
Кыргызстан-Филиппины оюну биринчи жолу Юнисеф балдар фонду жана КРФФнын демилгеси менен майып балдарга арналат.