Айыл чарба продукцияларын сыртка чыгууга чоң потенциал түзөт. Борбор ичине маалымат жана прогноздоо бөлүмүн, окутуу жана технологиялык базаларды камтыйт. Экспорттолчу товарларды талаптарга ылайык келтирет.

Алгачкы борбор иштеп баштап

Биринчи логистикалык борбордун ачылганына жарым жылдай убакыт болду. Анын жетекчилиги ишин үзгүлтүксүз алып барып жатканын айтып, аянтына дагы бир айыл чарба өсүмдүктөрүн сактоочу жай курулуп жатканын белгилейт.

«Бул долбоордун уландысы болуп эсептелинет. Курулуп жаткан жайга төрт миң тонна өсүмдүк батырууга мүмкүнчүлүк бар жана кайра иштетип чыгуу ишине да мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Андан сырткары мөмө жемиштерди өстүргөн фермерлер үчүн гофрокартон идиштери алынып келет», — дейт «Агропродукт Азия» ЖЧКнын директору Арстан Ишенбаев.

Борбордун ачылышында. Сүрөт: gov.kg
Борбордун ачылышында. Сүрөт: gov.kg

Алгачкы жыйынтыктарын бере баштады

Борбор ачылгандан бери болжолдуу түрдө миң тоннага жакын жемиш экспортко чыкты. Калганы келе жаткан күздө билинет. Орусиялык компаниялар менен келишимдин негизинде иштөөдү. Кампада бир жарым миң тонна продукция бар, аны жарым жылдан ашык убакытка сактаса болот. Жайга чейин өткөрүү керек да, андан соң күзгү түшүмдү кабыл алуу башталат.

«Бул ыкма дыйкандарга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жатат. Анткени, алар түшүмүн ортомчуга сата турган болсо, баасынан уттураары маалым. Борбордо сатып ала турган чекене баа аларга караганда жогору. Ошондуктан, жакшы эле пайда алып келип жатат. Бир жагынан чирип, бузулуп кетүүдөн да алдын алып жатканы талашсыз», — деп кошумчалады Ишенбаев.

Сактоочу жай. Сүрөт: gov.kg
Сактоочу жай. Сүрөт: gov.kg

Дыйканга табылга

Кээ бир түшүм ээлери продукциясын өздөрү алып келет. Айрымдарына өздөрү барышат. Андай учурда өсүмдүктөргө текшерүү анализдерин жүргүзүп, кеч түшүмдү албаганга аракет кылышат. Анткени, ал эрте чирүүгө алып келет, сакталышы кыйын. Жер жемиштердин чоң, орто жана майда үч түрүн кабыл алышат.

«Азыр эгүү-себүү иштери болуп жаткандыктан, дыйкандарга каражат берип жаткан учурубуз. Алар аны урук жана өсүмдүк дарыларын алганга каржашат», — деп белгилейт Арстан Ишенбаев.

 

www.gov.kg
www.gov.kg

 

Борбор керек эмес, милдет

«Логистикалык борборлор өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында мурун эле каралып келген. Анткени ал сыртка чыгууга чоң потенциал болуп берет. Борбордун ичине маалымат жана прогноздоо борбору, окутуу жана технологиялык базалар керек жана сапаттуулук жагы төп келиши керек. Ошондо гана биз Кыргызстанда чыныгы логистикалык борбор бар экенин көрсөтө алабыз. Экспорт өсөт жана бизден чыккан продукциялардын сапаты жакшырып, башка өлкөлөрдү кызыктыра баштайт», — дейт экономикалык эксперт Сатар Турсункул уулу.

Борборлорду куруу ЕАЭБ менен Кырызстандын соода-сатык алакасында дагы бир жолду ачмак. Аткезчилик жолу менен гана өткөрүп жатпаса, дыйкандар жалгыздап түшүмүн экспортко чыгара албайт. Бул да долбоорду ишке эртерээк ашырууга муктаж экенибизди айгинелейт. Бирок, анын ишке ашышы кечеңдеп барат. Анткени эксперттердин айтымында мындай жайларды куруу өтө ири инвестицияны талап кылат.