Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков көчмөндөр оюндарынын ачылышына келген, Саханын (Якутия) мамлекеттик кеңешинин (Ил Тумэн) төрагасы Александр Жирковду кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Саха Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты арттыруу боюнча сөз жүрдү.
Александр Жирков 2017-жылы Якутияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүүгө карата даярдыктар тууралуу билдирди.